Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу
"Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн" (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген (Бакара, 172-аят). Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “ “Оо, Раббим, оо, Раббим” деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Улуу, Ызаттуу Аллах айтат: Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн, ал Мени эстесе Мен аны менен биргемин. Эгер ал өз алдынча эстесе Мен да аны өз алдынча эстеймин. Эгер бир жамаатын алдында эстесе, Мен аны аларга караганда жакшыраак жамаатын алдында эстеймин. Эгер ал Мага бир карыш жакындаса, Мен ага бир чыканак жакындаймын. Эгер ал Мага бир чыканак жакындаса, Мен ага бир кулач жакындаймын. Эгер ал Мага басып келсе, мен ага чуркап барамын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт. Анан: "Мага дуба кыла турган барбы, Мен жооп берем? Менден сурай турган барбы, Мен беремин? Менден кечирим тилей турган барбы, Мен аны кечиремин?" - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)