Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Мага Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кирди. Мен сүрөттөрү бар, жука, жүн кездемени (текчеге) парда кылып тартып койгон элем. Аны көрүп, өңү өзгөрүп кетти да, илинген жеринен сыйрып алды. Анан: "Айша! Кыямат күнү Аллахтын алдында азабы катуу боло турган адамдар - Аллахтын жараткан нерселерине окшошту тарткандар" - деди. Айша энебиз айтат: Анан биз аны кесип алып, бирби, экиби жаздык жасап койдук.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)