Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 28

Чыпкаларды алып салуу
"Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Мухаммад Анын кулу жана элчиси, Иса да Аллахтын кулу, элчиси жана Мариямга үйлөгөн сөзү, анын руху Алладан, бейиш чын, тозок да чын" деп күбөлүк берсе, Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)