Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 24

Чыпкаларды алып салуу
«Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага дени сак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерге Аллахка такыба болууну осуят кылам. Эгер силерге кул киши башчылык кылса да аны уккула жана укканыңарды аткаргыла. Мен өтүп кеткенден кийин көбүрөөк жашаганыңар өтө көп карама-каршылыктарды көрөсүңөр. Менин жана туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла . Бул сүннөт-жолго азуу тишиңер менен тиштеп жармашкыла. Жаңыдан пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени жаңыдан пайда болгон бидааттын баары - адашуу".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек . Анын эки адамды жараштырып койгону - садага. Бирөөнү атына аттантып, жүгүн артып бергени - садага. Жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке таштаган ар бир кадам - садага. Жолду зыяндуу нерседен тазалоо - садага".