Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек . Анын эки адамды жараштырып койгону - садага. Бирөөнү атына аттантып, жүгүн артып бергени - садага. Жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке таштаган ар бир кадам - садага. Жолду зыяндуу нерседен тазалоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Адамдар ар бир мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүгө милдеттүү. Эки адамды жараштыруу - садага. Кишини улоосуна мингизип, же буюм-теримин улоосуна артышып коюу - садага. Ооздон чыккан жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке каттаган ар бир кадам - садага. Зыяны тие туган нерсени жолдон алып таштоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана берилген убаданы аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким чамасы келбеген даражада ибадат кылам дебесин. Антсе ага дин үстөмдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иште тактыкты жана ортолукту кармангыла. Ар бир ишти мыкты аткаргыла. Ошенте алсаңар, кубангыла. Таңкы, кечки жана түн бир оокумдагы убактыңарды жакшы пайдаланып, Аллахтан жардам сурагыла".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.