Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 16

Чыпкаларды алып салуу
«Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек . Анын эки адамды жараштырып койгону - садага. Бирөөнү атына аттантып, жүгүн артып бергени - садага. Жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке таштаган ар бир кадам - садага. Жолду зыяндуу нерседен тазалоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Талибге өлүм сааты келгенде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирди. Анын жанында Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая бин Мугира бар экен. Анан ага: "О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди. Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая болсо: Абдулмутталибдин дининен чанып кетесиңби?! - деди Абу Талибге. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сунуш кылган сайын, тигилер да айтканын кайталай беришти. Ошентип Абу Талиб акыркы сөзүндө: Абдулмутталибдин дининдемин деп, жан берди. "Лаа илааха иллаллоху" деп айтуудан баш тартты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллахка ант болсун, Аллах тыймайынча сага кечирим тилей беремин" - деди. Ошондо Аллах Таала: "Пайгамбарга да, ыймандууларга да мушриктерге кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят) деген аятты түшүрдү. Ал эми Абу Талиб тууралуу: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың, бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат" деген аятты түшүрдү (Касас, 56-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Адамдар ар бир мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүгө милдеттүү. Эки адамды жараштыруу - садага. Кишини улоосуна мингизип, же буюм-теримин улоосуна артышып коюу - садага. Ооздон чыккан жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке каттаган ар бир кадам - садага. Зыяны тие туган нерсени жолдон алып таштоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана берилген убаданы аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.