Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 11

Чыпкаларды алып салуу
«Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага дени сак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек . Анын эки адамды жараштырып койгону - садага. Бирөөнү атына аттантып, жүгүн артып бергени - садага. Жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке таштаган ар бир кадам - садага. Жолду зыяндуу нерседен тазалоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Талибге өлүм сааты келгенде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирди. Анын жанында Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая бин Мугира бар экен. Анан ага: "О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди. Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая болсо: Абдулмутталибдин дининен чанып кетесиңби?! - деди Абу Талибге. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сунуш кылган сайын, тигилер да айтканын кайталай беришти. Ошентип Абу Талиб акыркы сөзүндө: Абдулмутталибдин дининдемин деп, жан берди. "Лаа илааха иллаллоху" деп айтуудан баш тартты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллахка ант болсун, Аллах тыймайынча сага кечирим тилей беремин" - деди. Ошондо Аллах Таала: "Пайгамбарга да, ыймандууларга да мушриктерге кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят) деген аятты түшүрдү. Ал эми Абу Талиб тууралуу: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың, бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат" деген аятты түшүрдү (Касас, 56-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Адамдар ар бир мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүгө милдеттүү. Эки адамды жараштыруу - садага. Кишини улоосуна мингизип, же буюм-теримин улоосуна артышып коюу - садага. Ооздон чыккан жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке каттаган ар бир кадам - садага. Зыяны тие туган нерсени жолдон алып таштоо - садага".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Аллахтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат . Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо үстүндөгүлөрдү аралап өтөт. Анан алар өзүнчө: Эгер биз өзүбүздүн энчибизге кеменин түбүн тешип алсак, үстүндөгүлөргө зыяныбызды тийгизбейбиз - деп айтышат. Эгерде аларды каалаганын кыла берсин деп тек коюшса, баары чөгүп кетет. А эгер аларды колдон кармап токтотуп калышса, алар өздөрү да (өлүмдөн) кутулат жана баары кутулушат.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.