Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 50

Чыпкаларды алып салуу
"Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, пайгамбарлар! Таза, адал нерседен жегиле! Ийги иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн" (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...”!" деген (Бакара, 172-аят). Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “ “Оо, Раббим, оо, Раббим” деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын мындай дегенин айтат: "Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Жалганчыга чыгарганы: бизди биринчи жолу жараткандай, кайра жарата албайт деп айтканы. А чынында, аларды кайра тирилтүү жоктон бар кылып биринчи жолу жаратканга караганда жеңил эмеспи. Ал эми сөккөнү: Аллахтын баласы бар деп айтканы. А чынында, Мен эч нерсеге муктаж эмес Жалгызмын, тууган да, туулган да эмесмин, Мага эч нерсе тең эмес".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
Аллахтын эчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он чакты адам келип, ал алардын тогузу менен убада-келишим кылып, онунчусуна келишим кылбай койду. О, Аллахтын элчиси, тогузу менен келишим кылып, бирөөн калтырып койдуң го? - дешти эле, ал: "Анын тагынган тумары бар экен" - деди. Тиги киши коюнуна колун салып, тумарын жулуп таштады эле, аны менен убада-келишим кылып, анан: "Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди.
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
"Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Улуу, Ызаттуу Аллах айтат: Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн, ал Мени эстесе Мен аны менен биргемин. Эгер ал өз алдынча эстесе Мен да аны өз алдынча эстеймин. Эгер бир жамаатын алдында эстесе, Мен аны аларга караганда жакшыраак жамаатын алдында эстеймин. Эгер ал Мага бир карыш жакындаса, Мен ага бир чыканак жакындаймын. Эгер ал Мага бир чыканак жакындаса, Мен ага бир кулач жакындаймын. Эгер ал Мага басып келсе, мен ага чуркап барамын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Эй, бала! Мен сага ушундай (пайдалуу) сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун көрөсүң. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурасаң, анда Аллахтан жардам сура. Билип ал! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн баары сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».
Сахих (ишенимдүү) Тирмизи жана башкалар риваят кылган
"Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды". Умар айтат: Аллахка касам ичип айтам, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйганын уккандан бери, атайлап да, бирөөнүн айтканын кайталап да, атамдын аты менен касам ичпедим.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)