Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 50

Чыпкаларды алып салуу
«Тууралыкка жакындагыла жана ортолукту кармагыла, жана билгиле, силерден эч ким өз амалы менен кутула албайт». Алар: «Оо, Аллахтын Элчиси! Сиз дагыбы?» – дешти. Ал айтты: «Мен дагы. Аллах мени Өзүнүн ырайымы жана пазилетине бөлөсө гана (кутуламын)».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кыямат күнү тозокто эң жеңил азап тартып жаткан адамга кайрылып Аллах Таала: "Эгер сенде жер бети толо мүлкүң болсо, аны берип өзүңдү азаптан куткарат белең?" - деп сурайт. Ал: "Ооба" - дейт. Ошондо Аллах Таала мындай дейт: "Мен сенден мында жеңил нерсени эле каалаганмын. Сен Адамдын белинде жаткан кезиңде Мага эч нерсени шерик кылбашыңды айткам, бирок сен баш тартып, Мага башка нерселерди шерик кылдың".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)