Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Улуу Аллах Таала минтип айткан: "Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес . Эй, адам баласы! Эгер күнөөлөрүң асманды тиреп калса да сен Менден кечирим тилесең, сени кечирип коюу Мага оор эмес . Эй, адам баласы! Сен мага жер бети толо күнөө менен келип, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаң, Мен сага жер бети толо кечирим менен бармакмын".
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
«Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кыямат күнү тозокто эң жеңил азап тартып жаткан адамга кайрылып Аллах Таала: "Эгер сенде жер бети толо мүлкүң болсо, аны берип өзүңдү азаптан куткарат белең?" - деп сурайт. Ал: "Ооба" - дейт. Ошондо Аллах Таала мындай дейт: "Мен сенден мында жеңил нерсени эле каалаганмын. Сен Адамдын белинде жаткан кезиңде Мага эч нерсени шерик кылбашыңды айткам, бирок сен баш тартып, Мага башка нерселерди шерик кылдың".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)