Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 45

Чыпкаларды алып салуу
"Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
«Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Биз тогузбу, сегизби же жетиби адам Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган элек. Ал: "Аллахтын элчисине байъат келишим-убада кылбайсыңарбы?" - деди. Биз жаңы эле байъат кылган элек. Ошого: Сага байъат кылып, убада бердик го, о, Аллахтын элчиси? - дедик. Ал дагы: "Аллахтын элчисине байаът келишим кылбайсыңарбы?" - деди. Биз колубузду сунуп: "Сага байъат келишим кылдык го, о, Аллахтын элчиси. Эми эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго" - деди. Чынын айтсам, кийин мен ошол адамдардын кээ бири камчысын тушүрүп жиберсе, аны алып берүүсүн бирөөдөн суранбай калганын көрдүм.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок. Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.