Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 37

Чыпкаларды алып салуу
"Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Биз тогузбу, сегизби же жетиби адам Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган элек. Ал: "Аллахтын элчисине байъат келишим-убада кылбайсыңарбы?" - деди. Биз жаңы эле байъат кылган элек. Ошого: Сага байъат кылып, убада бердик го, о, Аллахтын элчиси? - дедик. Ал дагы: "Аллахтын элчисине байаът келишим кылбайсыңарбы?" - деди. Биз колубузду сунуп: "Сага байъат келишим кылдык го, о, Аллахтын элчиси. Эми эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго" - деди. Чынын айтсам, кийин мен ошол адамдардын кээ бири камчысын тушүрүп жиберсе, аны алып берүүсүн бирөөдөн суранбай калганын көрдүм.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ит жана сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)