Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Улуу Аллах Таала минтип айткан: "Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес . Эй, адам баласы! Эгер күнөөлөрүң асманды тиреп калса да сен Менден кечирим тилесең, сени кечирип коюу Мага оор эмес . Эй, адам баласы! Сен мага жер бети толо күнөө менен келип, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаң, Мен сага жер бети толо кечирим менен бармакмын".
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хунайнга жөнөп чыкканда, мушриктердин "Заат анваат" деп аталган дарагынын жанынан өттү. Мушриктер ага (аны ыйыктап) курал-жарагын илип койчу. Ошондо жанындагылардан бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, булардын "Заат анвааты" сыяктуу бизге да (ыйыктай турган) "Заат анваат" кылып бербейсиңби? - дешти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Субхааналлах! Бул айтканыңар Мусанын коому ага: "Алардын кудайы сыяктуу бизге да кудай кылып бер" дегениндей болуп жатат (Аъраф, 138-аят) . Жаным колунда турган Затка ант ичип айтам, силер да мурда өткөндөрдүн жолуна түшөсүңөр" - деди (ачууланып).
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Эй, бала! Мен сага ушундай (пайдалуу) сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун көрөсүң. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурасаң, анда Аллахтан жардам сура. Билип ал! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн баары сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».
Сахих (ишенимдүү) Тирмизи жана башкалар риваят кылган