Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Аллахтын элчиси ансарлардан бир аялга (Ибн Аббас анын атын айтты эле, мен унутуп калдым): "Эмненин айынан биз менен ажыга барбай калдың?" - деди. Ал: Бизде эки төөбүз бар эле, анын бирин минип күйөөм менен балам ажыга кетти. Экинчисин суу ташып ичкенге пайдаланып жатканбыз" - деди. "Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
«Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)