Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Чындыгында, бейиште Райян деп аталган бир эшик бар. Кыямат күнү андан орозо кармагандар кирет, андан алардан башка эч ким кирбейт. Орозо кармагандар кайда? – деп айтылат. Ошондо алар турушат да, алардан башка эч ким андан кирбейт. Качан алар кирип бүткөндө, ал эшик жабылат да, андан эч ким кирбейт."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем". Орозо - бул, калканч. Кимдир бирөөңөр орозо кармасаңар, ал күндө жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө, кыйкырып, талашып-тартышпагыла. Эгер орозо адамды бирөө тилдеп же мушташмакчы болсо, ага "мен орозо кишимин" деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант берип айтам, орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу. Орозо туткан адамдын сүйүнө турган эки убагы бар: биринчиси, ооз ачкан убакта кубанат. Экинчиси, Раббисине жолуккан учурда бул дүйнөдө орозо тутканына кубанат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)