Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

"Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака беремин" деген".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Сахабалардын бир тобу пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О Аллахтын элчиси, колунда барлар сооп топтоодо бизден озуп кетишти. Алар биздей эле намаз окушат, биздей эле орозо кармашат, бирок байлыгы бар болгондуктан садака да беришет" - дешти. Ал: "Аллах Таала силерге да садакадай сооптуу иштерди бербеди беле? Ар бир тасби айтканыңар - садага, Ар бир такбир айтканыңар - садага. Ар бир мактоо айтканыңар - садага. Ар бир - тахлил айтканыңар - садага. Жакшылыкка чакырганыңар - садага, жамандыктан тыйганыңар да - садага. Атүгүл, аялдарыңарга жакындык кылганыңар да - садага" - деди. Сахабалар: "Биз кумар каалообузду кандыруу үчүн жакындайбыз го, ошого да сооп жазылабы?" - деп сурашты. Ал: "Эгер бул ишти арам жол менен кылсаңар, ага күнөө жазылат беле? Ошол сыяктуу эле адал жол менен кылганыңар үчүн сооп жазылат" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.