Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 82

Чыпкаларды алып салуу
"Кишинин сарптаган акчасынын эң абзели: Үй бүлөсүнө сарптаган акчасы, Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн ат-улоосуна сарптаган акчасы жана Аллах жолунда жүргөн жолдошторуна сарптаган акчасы". (Хадисти риваят кылгандардын бири) Абу Килаба: "Алгач үй-бүлөдөн баштады" - деп, андан кийин Абу Килаба дагы сөзүн улай: "Жаш балдарын камсыз кылып, аларды сурануудан, муктаждыктан чыгаруудан өткөн сооптуу каржылоо болмок беле?!" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адилеттүү болгондор».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Жеңил көрсөткүлө, оор кылбагыла, сүйүнчүлөгүлө, качырбагыла!"
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)