Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 82

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз? - дедик. Ал: "Аллахумма солли алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа соллайта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид. Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа бааракта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид, деп айткыла" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсу) Меккенин жолунда бара жатып, Жумдан деп аталган тоонун жанынан өткөндө: "Баскыла! Бул Жумдан тоосу. Өзүнчө жүргөндөр алдыга озуп кетти" - деди. Сахабалар: "О, Аллахтын элчиси, өзүнчө жүргөндөр деген кимдер?" - деп сурашты. Ал: "Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Жибек жана парчаны кийбегиле. Алтын жана күмүш идиштерден ичпегиле. Жана алардан жасалган табактан тамак жебегиле. Булар бул дүйнөдө каапырлар үчүн, акыретте биз үчүн".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.