Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 22

Чыпкаларды алып салуу
Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.