Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киргенден кийин (Фатиханы) окуганга чейин бир саамга унчукпай турчу. Ошондо мен: О, Аллахтын элчиси, ата-энем сага курман болсун, такбир менен кырааттын ортосунда унчукпай турдуңуз, ал учурда эмнени окуйсуз? - деп сурадым. Ал: " Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб, Аллахумма наккини мин хотойайа камаа йунаккас савбул абйазу минад-данаси, Аллахуммаг силнии мин хотойайа бис-салжи вал-мааи вал-баради" деп айтамын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуп бүткөндө үч жолу истигфар айтып, анан: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу. Валид айтат: Авзаъийден: Истигфарды кантип айтат? - деп сурасам, ал: Астагфируллох, астагфируллох... деп айтасың - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат".
Сахих (ишенимдүү) Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Ибн Зубайр бардык парз намаздын соңунда салам бергенден кийин: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарика лах, лахул мулку ва лахул хамду ва хува аълаа кулли шайиң кодир, лаа хавла ва лаа куввата илла биллах, лаа илааха иллаллооху, ва лаа наъбуду илла ийяху, лахун-ниъмату ва лахул-фадлу ва лахус-санааул хасан, лаа илааха иллаллооху мухлисиина лахуддина ва лав карихал каафируун" деп айтып, анан: " Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул сөздөрдү ар бир намаздан кийин айтчу" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
"Бир түнү Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төшөктөн таппай калып, аны издедим. Ошондо колум анын эки бутунун таманына тийди, ал мечитте (саждада) экен жана эки буту тик коюлган абалда эле. Ал минтип айтып жаткан: «Оо, Аллах! Сенин каарыңдан Сенин ыраазычылыгыңа, жазаңдан Сенин амандыгыңа баш калкалайм. Мен Сенден (кайра эле) Өзүңө баш калкалайм. Мен Сага татыктуу мактоолорду санап бүтүрө албайм, Сен Өзүңдү Өзүң мактагандайсың»." Транскрипциясы: «Аллаахумма аъуузу биридаака мин сахотика, ва бимуъаафаатика мин ъукуубатика, ва аъуузу бика минка лаа ухсыы санаа-ан ъалайка анта камаа аснайта ъалаа нафсик.»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.