Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирди. Анан бир киши кирип намаз окуду да, Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берди. Ал алик алып: "Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң" - деди. Тиги кайтып барып мурдагысындай эле намаз окуду да, кайтып келип Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берди. Ал: "Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң" - деп үч жолу айтты. Ошондо тиги: "Сени акыйкат менен жиберген Затка ант, мен мындан башка жакшыраак кыла албайм, мага үйрөтүңүз" - деди. Ал айтты: "Эгерде намазга турсаң, такбир айт. Андан кийин Курандан өзүңө жеңил болгонун оку. Андан кийин рүкү кылып, рүкүдө толук тынчтанганга чейин тур. Анан көтөрүлүп, боюңду түзөп тик тур. Андан кийин сажда кылып, саждада толук тынчтанганга чейин тур. Анан көтөрүлүп, толук тынчтанып олтур. Жана ушул нерселерди бардык намаздарыңда аткар".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт".
Сахих (ишенимдүү) Ибн Хаббан жазып калтырган.