Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 13

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Муслим жазып калтырган.
Амр бин Абу Хасан, Абдуллах бин Зайддан пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандай даарат алганы тууралуу сурап жатканына күбө болуп калдым. Ал бир идишке суу алдырды. Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү . Идиштен колуна суу куюп, колдорун үч жолу жууду. Анан идишке колун салып суу алып, үч жолу оозуна суу алып гаргара кылып жууп, мурдуна суу алып кайра чимкирди. Анан колун салып суу алып бетин үч жолу жууду. Анан колдорун эки чыканагын кошуп эки жолу жууду. Анан колун сууга салып башына бир жолу масх тартып, башынын алды жагынан баштап, кайра баштаган жерине алып келди. Анан буттарын томугун кошуп жууду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”. (Аны угуп): Кандай жакшы сөз... – деп жибердим (сүйүнүп). Менин жанымда турган киши: Мындан мурдагы айтканы мындан да жакшы болчу, – деди. Карасам, ал Умар (ага Аллах ыраазы болсун) экен. Ал мага карап: Сенин эми эле келгениңди көрдүм, сага чейин ал: “Кимдир бирөөңөр жакшылап толук даарат алып, анан: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху ва анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулуху” деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып алардын каалаганынан кирет” деп айтты" – деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.