Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 10

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

“Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат. Эгер ал ойгонуп, Аллахты эстесе, түйүндөрдүн бири чечилет. Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Эгер намаз окуса, акыркысы да чечилип, эртең менен сергек турат жана маанайы ачык жүрөт. А эгер андай кылбаса, маанайы жок, илең-салаң ойгонот”
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын . Силерден бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, даарат алчу сууна кол салбай туруп колун жууп алсын. Анткени, эч кимиңер колу кайда түнөп чыкканын билбейт". Муслимдин риваятында: "Силердин бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, үч жолу жуумайынча колун идиштеги сууга сала койбосун. Анткени, ал колу кайда түнөгөнүн билбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге Меккеден Мединага келе жатканбыз. Сууга жеткенибизде адамдар асыр намазына шашылып даарат ала башташты. Биз алардын жанына келип, кээ бирлери согончогуна суу жеткирбей кургак калып даарат алып жатканын көрдүк. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)