Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу
Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот».
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
"Көбү мас кылган нерсенин азы да арам."
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
​Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин кимибиздин болбосун аялынын анда кандай акысы бар?» — деп сурадым. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Өзүң тамактанганыңда аны да тамактандырасың, өзүң кийингениңде же тапканыңда аны да кийинтесиң, жүзүнө урбайсың, жаман сөз айтып тилдебейсиң жана үйдөн башка жерде таштап кетпейсиң» — деп жооп берди.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.
Хасан бишаваахидихи (башка жакшы айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.