Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 13

Чыпкаларды алып салуу
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Бул дүйнө жашоосунда жат жерлик адамдай же жолоочу сыяктуу бол!" Ибн Умар: Эгер кечке жетсең, таңды күтпөгүн. Таңга жетсең, кечти күтпөгүн. Ооруп калганга чейин ден соолугуңду пайдалан. Өлүм келгенге чейин тирүүлүгүңдү пайдалан - деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
«Аллах Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбогон күнү жети адамды Өз көлөкөсүнө алат: Адилеттүү башчы, Аллахка ибадат кылып чоңойгон жаш жигит, жүрөгү мечиттерге байланган адам, Аллах үчүн бирин-бири жакшы көрүп, Аллах үчүн биригип жана Аллах үчүн ажырашкан эки адам, мансаптуу жана сулуу аял өзүнө чакырганда: «Чынында мен Аллахтан корком», - деп айткан адам, оң колу менен берген садакасын сол колу билбей калгыдай даражада жакшылыгын жашырган адам жана жалгыз калганда Аллахты эстеп, көзүнөн жаш төккөн адам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк».
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты