Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу
"Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчисине чөлдө жашаганмбир араб келип: "Мага ар дайым айтып жүрчү сөздү үйрөтчү" деди эле, ал: "Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал: "Булар Раббим үчүн арналган дуба экен, өзүм үчүн эмне деп айтайын" деди. Ал: "О, Аллах. Мени кечир! Мага ырайым кыл, туура жолго башта жана мага ырыскы бер" деп айткын деди"
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллахым, мени туура жолго башта жана түз жүрүүгө ийгилик бер" деп дуба кыл жана дуба кылганда, туура жолду туура жолдо басып бара жатканыңды, түз жүрүүдө жебенин түздүгүн эстегин".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллахым, менин иштеримдин коргоочусу болгон динимди оңдо. Менин жашоом өтүп жаткан дүйнөмдү оңдо. Мен кайтып бара турган акыретимди оңдо. Өмүрдү мен үчүн ар бир жакшылыкты көбөйтүүчү кыл, ал эми өлүмдү ар бир жамандыктан арылтуучу кыл».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.