Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном. Аллахым, Сенден кулуң жана пайгамбарың суранган жакшылыктын баарын суранамын. Сенден кулуң жана пайгамбарың сактоону сураган жамандыктын баарынан сактооңду суранам. Аллахым, мен Сенден бейишти сурайм. Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды сурайм. Сенден тозоктон сактоону сурайм. Тозокко жакындата турган сөздөрдөн жана амалдардан сактоону сурайм. Сен чыгарган тагдыр-өкүмдүн баары мен үчүн жакшылык болуусун сурайм.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам".
Сахих (ишенимдүү) Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчисине: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан сурай турган нерсени үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал: "Аллахтан амандык тиле" - деди. Бир канча күндөн кийин кайра келип: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан эмнени суроону үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал мага: "Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди.
Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис). Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.