Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 42

Чыпкаларды алып салуу
«Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерге Аллахка такыба болууну осуят кылам. Эгер силерге кул киши башчылык кылса да аны уккула жана укканыңарды аткаргыла. Мен өтүп кеткенден кийин көбүрөөк жашаганыңар өтө көп карама-каршылыктарды көрөсүңөр. Менин жана туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла . Бул сүннөт-жолго азуу тишиңер менен тиштеп жармашкыла. Жаңыдан пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени жаңыдан пайда болгон бидааттын баары - адашуу".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырган.
«Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садага - далил, ал эми сабырдуулук -жылуу таптуу нур. Куран - сенин пайдаңа же зыяныңа күбө болот. Ар бир инсан күндө өз напсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын".
Сахих (ишенимдүү) Имам Ахмад, ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
"Шек-күмөндүү ишти таштап, күмөнү жок ишти кыл".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана ан-Насаи риваят кылган
"Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан, доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичет".
Хасан (жакшы) Байхакий жана башкалар ушундай риваят кылган, ал эми анын кээ бир бөлүгү эки Сахихте келген.
"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.