Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 16

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөтөт. Кийин Абу Муса пайгамбардан йемендиктер жасаган ичимдик тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз: "Ал эмне экен?" - деп тактайт. Абу Муса: "Ал-битъу ва алмизру" - дейт. Андан "ал-битъу" эмне экенин сурашканда, ал: "Ал-битъу - балдын кайнатмасы, ал-мизру - арпанын кайнатмасы" - деп түшүндүрөт. Пайгамбарыбыз: "Бардык мас кылуучулар - арам" - деп жооп берет. Имам Бухари.
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Кимде төмөнкү төрт сыпат болсо, ал анык мунапык болот. Эгер булардын бири болсо, анда мунапыктыктын белгиси болот: сүйлөгөндө жалган сүйлөсө, убадасын аткарбаса, талашса чектен чыгып кетсе, келишимди (кыянаттык менен) бузса".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат ".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Аллах Таала мындай деди: "Кимде-ким Менин досума душман болсо, Мен ага согуш жарыялайм. Пендем Мага эң сүйүктүү болгон парз ибадаттарды аткаруу менен жакындагандай башка нерсе менен жакындай албайт. Пендем напил ибадаттары менен мага жакындай берсе, Мен аны жакшы көрүп калам. Эгер жакшы көрүп калсам, анда анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу, баса турган буту болот. Эгер сураса, сураганын сөзсүз берем. Эгер коргоо тилесе, коргоомо алам".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
«Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин хижраты (жер которуу) Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине хижрат кылган болот”.
Сахих (ишенимдүү) Мухаддистердин эки имамы Абу Абдуллах Мухаммед ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн Мугира ибн Бардизба Бухарий жана Абулхусейн Муслим ибн Хажжаж ибн Муслим Кушайрий Найсабурий жазылган китептердин эң ишенимдүүсү болгон «сахих» китептеринде риваят кылышкан.