Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

“Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат. Эгер ал ойгонуп, Аллахты эстесе, түйүндөрдүн бири чечилет. Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Эгер намаз окуса, акыркысы да чечилип, эртең менен сергек турат жана маанайы ачык жүрөт. А эгер андай кылбаса, маанайы жок, илең-салаң ойгонот”
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Улуу, Ызаттуу Аллах айтат: Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн, ал Мени эстесе Мен аны менен биргемин. Эгер ал өз алдынча эстесе Мен да аны өз алдынча эстеймин. Эгер бир жамаатын алдында эстесе, Мен аны аларга караганда жакшыраак жамаатын алдында эстеймин. Эгер ал Мага бир карыш жакындаса, Мен ага бир чыканак жакындаймын. Эгер ал Мага бир чыканак жакындаса, Мен ага бир кулач жакындаймын. Эгер ал Мага басып келсе, мен ага чуркап барамын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллах Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбогон күнү жети адамды Өз көлөкөсүнө алат: Адилеттүү башчы, Аллахка ибадат кылып чоңойгон жаш жигит, жүрөгү мечиттерге байланган адам, Аллах үчүн бирин-бири жакшы көрүп, Аллах үчүн биригип жана Аллах үчүн ажырашкан эки адам, мансаптуу жана сулуу аял өзүнө чакырганда: «Чынында мен Аллахтан корком», - деп айткан адам, оң колу менен берген садакасын сол колу билбей калгыдай даражада жакшылыгын жашырган адам жана жалгыз калганда Аллахты эстеп, көзүнөн жаш төккөн адам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)