عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (59)
"Кайсы бир мусулмандын башына кыйынчылык жетип, ал Аллах буйругандай: «Бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтып барабыз», [Бакара сүрөөсү, 156-аят]. «Оо, Аллах! Менин ушул жапа чеккениме (ага сабыр кылганыма) сооп жаз жана анын ордуна андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кыл! – деп айтса, Аллах анын ордуна сөзсүз түрдө андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кылат.»
Умму Салама айтты: Абу Салама каза болгондо, мен: Мусулмандардын арасынан Абу Саламадан жакшыраак ким бар? Ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң биринчи болуп хижрат кылган үй-бүлө эле – деп айттым. Андан кийин мен ушул сөздөрдү айттым, ошондо Аллах мага анын ордуна Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) насип кылды."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Сен өтө чоң нерсени сурадың, бирок Аллах жеңил кылган адамга бул өтө жеңил: Аллахка эч нерсени шерик кылбастан ибадат кыласың. Намаздарынды окуйсуң. Зекетиңди бересиң. Рамазанда орозо кармайсың. Ажылык кыласың". Анан ал сөзүн улай мындай деди: "Сага жакшылыктын эшиктерин айтып берейинби? Орозо - далил болот. Садага - суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Кишинин түн ортосунда туруп окуган намазы..." деп, анан бул аятты окуду: "Алардын капталдары жатчу жайынан өйдө болуп..." - дегенден баштап: "...кылган иштерине..." - деген жерине чейин окуду. Анан кайра сөзүн улап: "Сага иштин өзөгүн, түркүгүн жана эң өйдө чокусун айтып берейинби? - деди. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. "Иштин өзөгү - Ислам, анын түркүгү - намаз, анын чокусу - жихад" - деди. Анан: "Сага булардын баарынын падышасын айтайынбы?" - деп сурады. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. Ал тилин кармады да, анан: "Ушуну тый" - деди. Мен: "О Аллахтын элчиси, тилибиз үчүн да жооп беребизби?" - дедим. Ал: "О жарыбагыр десе, адамдарды тилинин күнөөлөрү гана тозокко тумшугу менен киргизип жатпайбы!" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Али бин Абу Талиб мага: Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди : бир айлык аралыктан душмандарымдын жүргүндөгү коркунуч аркылуу жеңиш берилди. Жер бетинин баары мага намаз окуганга жарактуу жана тазаланганга жарактуу болду. Үммөтүмдөн ким кайсы жерде болсо, ошол жерде намазын окуй берсин. Мага олжо адал болду. Мага чейин эч кимге олжо адал эмес эле. Мага шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Мага чейинки пайгамбарлар өзүнүн гана элине жиберилсе, мен жалпы адам баласына жиберилдим".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)