Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 94

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (44)
«Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат ". Муттафакун алайхи. Муслимде: "Ким биздин ишибизде жок амалды аткарса, ал кайтарылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Мага Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кирди. Мен сүрөттөрү бар, жука, жүн кездемени (текчеге) парда кылып тартып койгон элем. Аны көрүп, өңү өзгөрүп кетти да, илинген жеринен сыйрып алды. Анан: "Айша! Кыямат күнү Аллахтын алдында азабы катуу боло турган адамдар - Аллахтын жараткан нерселерине окшошту тарткандар" - деди. Айша энебиз айтат: Анан биз аны кесип алып, бирби, экиби жаздык жасап койдук.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот». (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кырк жашында вахий түшкөн. Меккеде он үч жыл болду, андан соң хижрат кылууга буюрулду. Мындан улам Мадинага хижрат кылды, ошондо ал жерде он жыл болду. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн кайтты».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, жахилият кезинде кылган иштерибиз үчүн жазаланабызбы? - деп сурады. Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кайсы бир мусулмандын башына кыйынчылык жетип, ал Аллах буйругандай: «Бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтып барабыз», [Бакара сүрөөсү, 156-аят]. «Оо, Аллах! Менин ушул жапа чеккениме (ага сабыр кылганыма) сооп жаз жана анын ордуна андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кыл! – деп айтса, Аллах анын ордуна сөзсүз түрдө андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кылат.» Умму Салама айтты: Абу Салама каза болгондо, мен: Мусулмандардын арасынан Абу Саламадан жакшыраак ким бар? Ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң биринчи болуп хижрат кылган үй-бүлө эле – деп айттым. Андан кийин мен ушул сөздөрдү айттым, ошондо Аллах мага анын ордуна Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) насип кылды."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.