Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 94

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (44)
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Мен каапырлардын бири менен бет келип согушуп, ал менин бир колумду кылыч менен шылый чапса, анан дарактын артына жашынып алып: Мен Аллах үчүн Исламды кабыл кылдым - десе, мен аны өлтүрсөм болобу, оо, Аллахтын элчиси? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Аны өлтүрбө" - деди. Ал: Оо, Аллахтын элчиси, ал менин колумду кыя чаап, колумду кесип таштагандан кийин айтып жатат да? - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла. Силерден мурда жашап өткөндөрдүн көбү пайгамбарына каяша сүйлөгөнү жана бейпайда суроолорду көп бергени үчүн кыйраган".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
Ал Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен кайсы бир сапарында чогуу болот. Ал айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар турагында эс алып жатканда аларга элчисин жиберип: " Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи " деп күбөлүк берет. Аллах Тааланын: "Аллах Таала ыйандуу пенделерин бул дүйнөдө да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" - деген аятында ушул айтылган" (Ибрахим, 27-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Умму Салама Эфиопия жеринде "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анын ичинде (ар түрдүү) сүрөттөр бар экенин Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кеп кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп . Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларды пайгамбарларды буйруган нерсеге буйруган. Ал минтип айткан: "Оо, элчилер! Таза, адал нерседен жегиле! Жакшы иш-амалдарды кылгыла! Чынында, эмне кылганыңарды Мен билүүчүмүн". (Муминун, 51-аят). Ошондой эле: "Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге берген ырыскылардын таза-адалынан жегиле...!" деген. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алыс сапарга чыгып, чачы саксайып жүдөгөн, үстү-башын чаң баскан адам колун өйдө көтөрүп: “Оо, Раббим! Оо, Раббим!” - деп дуба кылганын эскерип, анан мындай деди: “Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанат. Анан анын дубасы кантип кабыл болсун?!”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек. Мен намаз окууга буйрук берип, намаз окулуп, бир кишини адамдарга имам болуп намаз окууга буюруп, анан мен отун көтөргөн кишилер менен намазга келбеген адамдарга барып алардын үйлөрүн өрттөөнү кааладым".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)