Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 9

Чыпкаларды алып салуу
Бир күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жашылданды. О, Аллахтын элчиси, бизге коштошуп жаткандай насаат айттың, эми бизге бир келишимди (дайыма аткарып жүрүү үчүн) осуят кыл - дешти. Ал мындай деди: " Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! Ага азууңар менен жармашкыла! Жаңы пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, бардык жаңы иштер адашуу".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Бану Амир тобунан бир топ киши менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардым. Анан ага: Сен биздин төрөбүзсүң - десек, ал: "Төрө - Аллах" - деди. Биз: Даража жагынан бийигибиз, берешендик жагынан артыгыбызсың - дедик. Ал: "Ушинтип айтсаңар болот, же мындан да азыраак айткыла. Шайтан силерди өкүл кылып албасын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
«Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
"Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле".
Сахих бимажмуъи тарикихи (бардык тарабынан ишенимдүү хадис). Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад дагы жазып калтырган.
"Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.