Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

"Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат" .
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерден ким болбосун мусулман боордошуна жолукканда ага салам айтсын. Эгер ал экөө даракты, дубалды же чоңураак ташты эки жагынан айланып өтүп, кайра бирксе, дагы салам айтышсын".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жазып калтырган.
«Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)