Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу
«Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Аллахтын пенделери болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинтпейт. Такыбалык ушул жерде" деп анан колу менен үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Анан: "Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот. Ар бир мусулмандын каны, малы, ар-намысы экинчи мусулманга арам" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле. Ал карызды чогулткан жаш жигитине: «Эгерде кедей карыздар адамга жолугуп калсаң, анда анын карызын кечип жибер. Балким Аллах бизди да кечирээр» - деп айтат эле. Ошондуктан ал көз жумуп Аллахка жолукканда Аллах Таала аны кечирди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)