Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 66

Чыпкаларды алып салуу
«Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Бейиш силерге бут кийимиңердин боосунан да жакыныраак жана тозок да ошол сыяктуу».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет ". Андан кийин бул аятты окуду: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт..." (Аалу Имран, 135-аят).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
«Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот». (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)