عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (52)
«Чындыгында, Аллахтын Пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыйынчылык учурунда мындай деп айтчу: "Лаа илааха иллаллаахул-’Азиимул-Халиим, лаа илааха иллаллааху Раббул-’Аршил-’азиим, лаа илааха иллаллааху Раббус-самаауаати уа Раббул-арды уа Раббул-’Аршил-кариим"».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Шамалды сөкпөгүлө! Эгер силерге жакпаган бир нерсени (катуу сокконун) көрсөңөр, анда мындай деп айткыла: "Оо, Аллахым! Биз Сенден бул шамалдын жакшылыгын, андагы жакшылыкты жана ага буюрулган нерсенин жакшылыгын сурайбыз. Ошондой эле Сенден бул шамалдын жамандыгынан, андагы жамандыктан жана ага буюрулган нерсенин жамандыгынан пана (коргоо) тилейбиз"».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
«Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүккө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот». (Мариям: 39)
Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким шейит болууну чын жүрөктөн суранса, Аллах Таала аны ал төшөгүндө жатып өлсө да аны шейиттердин даражасына көтөрөт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)