Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 77

Чыпкаларды алып салуу
"Бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Улуу Аллах Таала: "Дагы бир нерсени каалайсыңарбы, кошумча кылып берейин?" - дейт. Бейиш ээлери: "Сен биздин жүзүбүздү агартпадыңбы? Бейишке киргизбедиңби? Тозоктон куткарбадыңбы?" - дешет. Ошондо Аллах Таала көшөгөнү ачат, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн артык сүйүктүү нерсе берилген эмес эле".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Фитналар (азгырыктар) жүрөктөргө чийдин талдары сыяктуу бирден-бирден тартууланат. Кайсы жүрөк аны өзүнө сиңирип алса, ага кара так түшөт. Ал эми кайсы жүрөк аны четке какса, ага ак так түшөт. Натыйжада жүрөктөр эки түргө бөлүнөт: (бири) жылмакай таш сыяктуу аппак (жүрөк), асман менен жер турганда ага эч бир фитна зыян келтире албайт. Ал эми экинчиси – көмкөрүлгөн кумура сыяктуу күл боз түстөгү кара (жүрөк), ал өзүнүн каалоосу сиңирип алган нерседен башка, жакшылыкты тааныбайт жана жамандыкты четке какпайт." Хузайфа айтты: Мен Умарга: Чынында, сени менен анын (фитнанын) ортосунда жабык эшик бар, ал жакында сынат, - деп айттым. Умар: Атасыз калгыр, ал сынабы? Эгер ал ачылганда, балким кайра жабылмак, - деди. Мен: Жок, тескерисинче ал сынат, - дедим. Жана мен ага ал эшик – өлтүрүлө турган же өлө турган адам экенин, эч кандай жаңылыштыгы жок акыйкат сөз кылып айтып бердим. Абу Халид айтты: Мен Саадга: Оо, Абу Малик, "күл боз түстөгү кара" деген эмне? - дедим. Ал: Каранын ичиндеги катуу актык, - деди. Ал айтты: Мен: А "көмкөрүлгөн кумура" деген эмне? - дедим. Ал: Төңкөрүлгөн (башы ылдый каратылган), - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
"Оо, Аллахым! Мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн, аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн, кокустан келген азабыңдан жана Сенин газабыңа себеп болуучу бардык нерселерден Өзүңдүн жардамың менен коргоном".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
“Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин хижраты (жер которуу) Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине хижрат кылган болот”.
Сахих (ишенимдүү) Мухаддистердин эки имамы Абу Абдуллах Мухаммед ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн Мугира ибн Бардизба Бухарий жана Абулхусейн Муслим ибн Хажжаж ибн Муслим Кушайрий Найсабурий жазылган китептердин эң ишенимдүүсү болгон «сахих» китептеринде риваят кылышкан.
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.