Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 32

Чыпкаларды алып салуу
"Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын . Силерден бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, даарат алчу сууна кол салбай туруп колун жууп алсын. Анткени, эч кимиңер колу кайда түнөп чыкканын билбейт". Муслимдин риваятында: "Силердин бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, үч жолу жуумайынча колун идиштеги сууга сала койбосун. Анткени, ал колу кайда түнөгөнүн билбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын" - деди. (Анткени) тиги текеберленип ошенткен болчу. Ошентип ал колун оозуна жеткире көтөрө албай калды.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. (Даарат аларда) анын маасыларын тартмакчы болсом, ал: "Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин " - деди. Анан аларга масх тартып койду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)