Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 48

Чыпкаларды алып салуу
«Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле. Ал карызды чогулткан жаш жигитине: «Эгерде кедей карыздар адамга жолугуп калсаң, анда анын карызын кечип жибер. Балким Аллах бизди да кечирээр» - деп айтат эле. Ошондуктан ал көз жумуп Аллахка жолукканда Аллах Таала аны кечирди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт. Бир эркек киши башка эркек киши менен, аял киши да башка аял киши менен бир жамынчыга оронуп жылаңачтанып жатпайт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.