Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 48

Чыпкаларды алып салуу
«Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Ыймандуу адам айыптоочу, каргышчыл, бузуку жана бузук ооз болбойт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол берген эмес. Ал: " Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адилеттүү болгондор».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырган.