عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
«Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр, кыйнабай өлтүргүлө. Мууздасаңар, кыйнабай мууздагыла. Мууздаган адам бычагын курчутуп алсын, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Зул-Хулайфада элек. Адамдарды катуу ачкалык басып, анан алар төөлөрдү жана койлорду колго түшүрүштү. (Рофиъ) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элдин эң артында келе жаткан эле. Адамдар шашылыш түрдө (айбанаттарды) союп, казандарды асып жиберишти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйрук берип, казандар көңтөрүлүп төгүлдү. Андан соң ал (олжону) бөлүштүрүп, он койду бир төөгө теңеди. Алардын арасынан бир төө качып кетти. Адамдар аны кубалап чарчашты, анткени аларда аттар аз болчу. Анан бир киши аны жаа менен атты эле, Аллах аны токтотуп калды. Ошондо Пайгамбар: «Чындыгында, бул үй айбанаттарынын да жапайы айбандардыкындай жапайылыгы болот, алардын кайсы бири силерге баш бербей койсо, анда ага ушундай кылгыла». - деди. Рофиъ: Биз эртең душманга
жолугууну күтүп жатабыз (же душмандан кооптонуп жатабыз), а биздин жаныбызда бычактарыбыз жок. Камыш менен соё берелиби? - деп сурады. (Пайгамбар): «Тиш менен тырмактан башка, канды агыза турган жана үстүнө Аллахтын аты аталган нерсе менен союлгандардын этин жей бергиле. Бул тууралуу силерге айтып берейин: тиш - бул сөөк, ал эми тырмак - хабаштардын (эфиопиялыктардын) бычагы» - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.