Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат . Эки күндө орозо кармоого болбойт: орозо айтта жана курбан айтта. Таңкы намаздан кийин күн чыкканча намаз окууга болбойт, дигерден кийин күн батканча намаз окууга болбойт. Үч гана мечитке атайын сапар кылып барууга болот: Харам мечитине, Акса мечитине жана менин ушул мечитиме (Набави мечитине)".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"«Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле, анткени мага тозок элинин көпчүлүгү силер экениңер көрсөтүлдү». Алар: «Эмне үчүн, оо, Аллахтын Элчиси?» - деп сурашты. Пайгамбар: «Силер каргышты көп айтасыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын танбайсынар. Акылы жана дини кем болгондордун ичинен чечкиндүү эркектин акылын силерчелик алган эч кимди көрбөдүм», - деди. Алар: «Биздин динибиздин жана акылыбыздын кемчилдиги эмнеде, Оо, Аллахтын Элчиси?» - дешти. Пайгамбар: «Аялдын күбөлүгү эркектин күбөлүгүнүн жарымына барабар эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын акылынын кемчилдиги. Эгерде аялдын айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Пайгамбар: «Мына ушул – анын дининин кемчилдиги», - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын журттан болсо - бул, өлүмгө тете" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ыймандуу эркек ыймандуу аялды таштабайт. Анын кайсы бир мүнөзүн жактырбаса, башка бир мүнөзүнө ыраазы болот" же: "...башка бир мүнөзүнө" деп айткан.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.