Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Аллахтын элчиси ансарлардан бир аялга (Ибн Аббас анын атын айтты эле, мен унутуп калдым): "Эмненин айынан биз менен ажыга барбай калдың?" - деди. Ал: Бизде эки төөбүз бар эле, анын бирин минип күйөөм менен балам ажыга кетти. Экинчисин суу ташып ичкенге пайдаланып жатканбыз" - деди. "Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү" . Сахабалар: О, Аллахтын элчиси, Аллах жолундагы жихад да буга жетпейби? - деп сурады. "Аллах жолундагы жихад да жетпейт. Бир гана өз мал-жаны менен чыгып, кайра кайтпай калган адамдын сообу буга жетет" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жана Абу Дауд риваят кылган, бул текст Абу Даудга тиешелүү