Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан кээ бир адамдар түшүндө Кадыр түндүн акыркы жети түндө болорун көрүштү. Анан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Силердин түшүңөрдүн акыркы жети түнгө дал келгенин көрүп турам. Ким аны издей турган болсо, акыркы жети түндөн издесин»,– деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Жаңырган айды көрүп орозо кармагыла. Жаңырган айды көрүп орозоңорду бүтүргүлө. Эгер күн бүркөк болуп калса, эсеп менен чыгаргыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)