Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 10

Чыпкаларды алып салуу
«Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Сахабалардын бир тобу пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О Аллахтын элчиси, колунда барлар сооп топтоодо бизден озуп кетишти. Алар биздей эле намаз окушат, биздей эле орозо кармашат, бирок байлыгы бар болгондуктан садака да беришет" - дешти. Ал: "Аллах Таала силерге да садакадай сооптуу иштерди бербеди беле? Ар бир тасби айтканыңар - садага, Ар бир такбир айтканыңар - садага. Ар бир мактоо айтканыңар - садага. Ар бир - тахлил айтканыңар - садага. Жакшылыкка чакырганыңар - садага, жамандыктан тыйганыңар да - садага. Атүгүл, аялдарыңарга жакындык кылганыңар да - садага" - деди. Сахабалар: "Биз кумар каалообузду кандыруу үчүн жакындайбыз го, ошого да сооп жазылабы?" - деп сурашты. Ал: "Эгер бул ишти арам жол менен кылсаңар, ага күнөө жазылат беле? Ошол сыяктуу эле адал жол менен кылганыңар үчүн сооп жазылат" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.