Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 66

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү : "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Хадистин башка бир версиясында: "Чындыгында Аллах - бардык айып-кемчиликтерден Таза. Качан силердин бириңер намазда отурганда минтип айтсын: "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун". Ушуну айтса, Аллахтын асман-жердеги бардык кулдарына жетет. "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп, андан кийин каалагандай дуба кылууга ыктыярдуу".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын. Эгер беш рекет кылып бир рекет ашыкча окуп алса, ошол эки сажда менен ал жуп болуп калат. А эгер төрт рекет болуп намаз так болуп калса, анда эки сажда шайтанга сокку болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирди. Анан бир киши кирип намаз окуду да, Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берди. Ал алик алып: "Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң" - деди. Тиги кайтып барып мурдагысындай эле намаз окуду да, кайтып келип Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берди. Ал: "Кайра барып намаз оку, анткени сен намаз окуган жоксуң" - деп үч жолу айтты. Ошондо тиги: "Сени акыйкат менен жиберген Затка ант, мен мындан башка жакшыраак кыла албайм, мага үйрөтүңүз" - деди. Ал айтты: "Эгерде намазга турсаң, такбир айт. Андан кийин Курандан өзүңө жеңил болгонун оку. Андан кийин рүкү кылып, рүкүдө толук тынчтанганга чейин тур. Анан көтөрүлүп, боюңду түзөп тик тур. Андан кийин сажда кылып, саждада толук тынчтанганга чейин тур. Анан көтөрүлүп, толук тынчтанып олтур. Жана ушул нерселерди бардык намаздарыңда аткар".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым : бешимден мурда эки ирекет, бешимден кийин эки ирекет окуганын. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет окуганын. Куптандан кийин да эки ирекет үйүндө окуганын. Дагы багымдат намазынан мурда эки ирекет окуганын. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына кирбей турган да убак бар болчу. Мага Хафса да минтип айткан: Азанчы азан чакырып, таң сүргөндө (пайгамбар) эки ирекет намаз окучу. Башка риваятта: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазынан кийин эки ирекет намаз окур эле - деп келген.
Сахих (ишенимдүү) Бардык айтымдарынын ишенимдүүлүгүнө макулдашылган.