Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 66

Чыпкаларды алып салуу
«Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Фатиханы окубаган адамдын намазы жок".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кыямат күнү азанчылар адамдардын ичинен моюндары эң узуну болушат."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ооба» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)