عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (18)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге бардык иштерде Куран сүрөөлөрүнүн бирин үйрөткөндөй эле Истихараны да үйрөтүп, мындай дечү: "Эгер силерден бириңер бир ишти баштоону кааласа парз болбогон эки рекет намаз окусун да, кийин мындай десин: «Оо, Аллах! Мен Сенин илимиңден (Сенден) кайыр жакшылык тилейм! Сенин кудурет-күчүңдөн жардам сурайм. Мен Сенин улук пазилетиңди (көп жакшылыктарыңды) сурайм! Мен өз тагдырымды өзүм жаратпайм. Аны Сен жаратасың. (Эртеңки күнүм эмне болорун) мен билбейм, Сен билесиң! Сен бардык кайыпты (пенделерге билинбеген кабарларды) эң жакшы билүүчүсүң! Оо, Аллах! Эгер бул иш менин диниме, дүйнөлүк жашоомо жана ишимдин акыбети үчүн жакшылык болсо – же ал: азыркы жана келечектеги ишим үчүн – жакшылык болсо, аны мага буюруп, жеңил-берекелүү кыл жана мага тагдыр кылып бер! Ал эми, бул иш менин диниме, дүйнөлүк жашоомо жана ишимдин акыбетине – же ал: азыркы жана келечектеги ишим үчүн – жамандык болсо, аны менден, мени андан буруп жибер жана мага жакшылыктын кайда экенин көргөзүп, мени ыраазы кыл!»" Анан: «Өз муктаждыгын (ишин) атайт», – деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун" . Бир жолу Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак, жашылчалар кошулган тамак салынган идишти алып келишти эле, андан жагымсыз жытты байкап, эмне кошулганын сурады. Алар анда сарымсак бар экенин айтышты. Ал аны ошол жердеги бир сахабасына бергиле деди. Кийин тиги сахабанын тамакты жебей отурганын көрүп: "Сен жей бергин. Мен сен байланышпаган бирөө менен байланышам" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"«Ким азанды укканда: "Аллохумма робба хазихид-даьватит-тааммах, уас-солаатил-коима аати мухаммада-нил васиилата уал-фадыйлата, уаб-'асху макоомам-махмуданил-лази уа-'адтах" - деп айтса, кыямат күнү ага менин шапаатым берилет»".
Мааниси:
"Оо, Аллах! Оо, ушул кемчиликсиз чакыруунун жана тургузулган намаздын Раббиси! Мухаммадга кыяматта васила (шапаат кылууну) жана артыкчылыкты бер! Аны Өзүң убада кылган даңкталган орунда (шапаат кылуу орунунда) тирилт!"
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.